# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-майындагы № 89 "Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-майындагы № 89 "Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 89
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1275/edition/479792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-майындагы № 89 "Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20259

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-майы № 89 Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесиндеги 5-пунктуна, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Москва районундагы Предтеченка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2013-жылдын 11-июнуна дайындалсын.

2. Москва аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов
