# 9-берене. Ишти кароонун үзгүлтүксүздүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202586)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 20-июнундагы №235 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37 "О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3983/edition/479920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202586/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо, 9-берене (13.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-9

---

1. Иштерди кароодо Конституциялык соттун жыйналышы жана судьялар-

дын кењешмеси эс алуу үчүн мыйзамда берилген убакыттан, ошондой эле

жыйналыштын катышуучуларынын сөз сүйлөөгө даярдык көрүшү үчүн зарыл

болгон убакыттан тышкары үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.

2. Жыйналыш күбөлөрдү, адистерди, эксперттерди чакыртууга, экспер-

тиза дайындоого, кошумча далилдерди талап кылууга, кворумдун жоктугуна

жана ишти кароого тоскоолдук кылган башка себептерге байланыштуу токто-

тулушу жана кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Тоскоолдуктар жоюлганда иш-

терди кароо ал токтотулган учурдан баштап улантылат.

3. Тыныгуу учурунда сот тарабынан тиешеси жок башка иштерди кароо-

го жол берилбейт.

4. Эгерде ошол жыйналышта узак убакыт бою ишти кароого мүмкүн бол-

босо, Конституциялык сот ал боюнча өндүрүштү токтото турууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-10)
