6-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн ачыктыгы
Күчүн жоготкон · 13.06.2011 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37.
1. Мамлекеттик сырды сактоо, жарандардын коопсуздугун, алардын же-
ке турмушунун купуялыгын камсыз кылуу жана коомдук адептүүлүктү коргоо
кызыкчылыктарына каршы келген учурларды кошпогондо, Конституциялык сот-
то ишти териштирүү ачык жүргүзүлөт. Жыйналыш элдин жана жалпыга маалым-
доо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн жеткиликтүү болгон соттук жыйналыш за-
лында өткөрүлөт. Катышып жаткандар отурган жеринде жазуу жүзүндө эскер-
тмелерин түшүрүүгө, стенограмманы жана үн жазууларды жүргүзүүгө укук-
туу.
2. Конституциялык сот катышуучуларга өзүнүн жыйналышынын убактысы
жана орду жөнүндө кат менен маалымдайт жана коомчулукту өзүнүн имара-
тында жарандар үчүн жеткиликтүү болгон атайын бөлүнгөн жерлерде илинүү-
чү жарыя, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабардар
кылат.
3. Конституциялык соттун уруксаты менен жыйналыш учурун радио ук-
туруу жана теле көрсөтүү боюнча алып берүүгө, киного тартууга, фотосү-
рөткө түшүрүүгө жана видеого жаздырууга жол берилиши мүмкүн. Конститу-
циялык сот, эгерде катышып отургандар болуп жаткан окуяларды жактырган-
дыгын же жактырбагандыгын ачык билдирүү жолу менен жыйналыштын нормал-
дуу жүрүшүнө кийлигишсе, эскертүү жасагандан кийин аларды жыйналыш за-
лынан чыгара алат.
4. Конституциялык соттун чечимдери бардык учурда ачык жарыя кылы-
нат.
Берененин тексти 13.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202586/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>