39-берене. Конституциялык соттун актыларын аткаруу
Күчүн жоготкон · 13.06.2011 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37.
1. Конституциялык соттун актылары жарыя кылынган учурдан тартып
күчүнө кирет.
2. Конституциялык соттун актысы - тараптарга, ченемдик укуктук ак-
тылары кароонун предмети болгон мамлекеттик органдарга жана кызмат
адамдарына жиберилет жана "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту-
нун Жарчысы" журналында жана расмий басылмаларда жарыяланат.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечими ме-
нен ченемдик акт толук же жарым-жартылай түрдө Кыргыз Республикасынын
Конституциясына ылайык келбейт деп табылса же болбосо Кыргыз Республи-
касынын Конституциялык сотунун чечиминен улам укуктук жөнгө салуудагы
боштукту четтетүүнүн зарылдыгы келип чыкса:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конститу-
циялык сотунун чечими жарыялангандан кийин үч айдан кечиктирбестен Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешине жањы конституциялык мыйзамдын дол-
боорун же мыйзамдын долбоорун же өз ара байланыштагы бир катар мыйзам-
дардын долбоорлорун, же болбосо конституциялык эмес деп табылган мый-
замдын айрым бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү жө-
нүндө мыйзамдын долбоорун киргизет. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кезексиз тартипте каралат;
2) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмө-
тү Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечими жарыялангандан
кийин эки айдан кечиктирбестен жањы ченемдик актыны кабыл алат же бол-
босо айрым бөлүгүндө конституциялык эмес деп табылган ченемдик актыга
өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизет.
Берененин тексти 13.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
39-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- (Русский) Решение от 6 апреля 2010 годаРешение Конституционного суда · 14.01.2010
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202586/st-39" title="39-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>