# 35-берене. Конституциялык соттун актыларын кабыл алуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202586)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 20-июнундагы №235 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37 "О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3983/edition/479920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202586/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо, 35-берене (13.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-35

---

1. Конституциялык соттун актылары кењешме бөлмөсүндө ачык добуш

берүү менен кабыл алынат.

2. Кењешме учурунда судьялар каралып жаткан маселе боюнча өз пози-

цияларын эркин билдире алат жана башка судьялардан өз позицияларын так-

тоону өтүнө алат.

3. Конституциялык соттун иш мањызы боюнча чечилип жаткан кењешме-

синин мезгилинде башка жактардын катышуусуна жол берилбейт.

4. Судья добуш берүүдөн карманууга же ага катышпай коюуга укуксуз.

Төрагалык кылуучу бардык учурларда өз добушун акыркы болуп берет.

5. Конституциялык сот кайрылууда билдирилген талаптарды толугу ме-

нен же жарым-жартылай канааттандырганда же болбосо канааттандырбай кал-

тырганда иш мањызы боюнча чечилди деп эсептелет.

6. Конституциялык соттун актысы, эгерде аны жактап сот жыйналышын-

да катышып олтургандардын көпчүлүгү добуш берсе кабыл алынды деп эсеп-

телет. Бир дагы сунуш көпчүлүк добуш албаган учурда төрагалык кылуучу

добуштардын кыйла көбүрөөгүн алган эки сунушту кайталап добушка коет.

7. Добуштар тењ чыгып калган учурда төрагалык кылуучу добуш берген

акт кабыл алынат.

8. Конституциялык соттун актысы негиздүү жана жүйөлүү болууга тий-

иш.

9. Конституциялык соттун актылары дароо чыгарылат жана жарыя кылы-

нат. Өзгөчө учурларда өтө татаал иштер боюнча жүйөөлөнгөн актыны түзүү

он күнгө чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок резолюци-

ялык бөлүк ошол эле жыйналышта жарыя кылынат.

10. Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана датта-

нууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-36)
