# 32-берене. Конституциялык соттун жыйналышынын протоколу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202586)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 20-июнундагы №235 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37 "О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3983/edition/479920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202586/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо, 32-берене (13.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-32

---

1. Конституциялык соттун жыйналышында протокол түзүлөт, аны сот

жыйналышынын катчысы жыйналыш ачылгандан баштап ал толук аяктаганга

чейин үзгүлтүксүз жүргүзөт.

2. Сот жыйналышынын протоколунда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга

тийиш:

- сот жыйналышынын орду жана убактысы жөнүндө;

- ишти караган судьялардын курамы жөнүндө;

- жыйналыштын катчысы жана процесстин ар бир катышуучусу жөнүндө;

- иштин аталышы жөнүндө;

- күбөлөр жана эксперттер жөнүндө;

- тараптардын түшүнүктөрү;

- күбөлөрдүн көрсөтүмдөрү, эксперттердин корутундулары, аларга бе-

рилген суроолор жана аларга жооптор;

- сот жыйналышынын жүрүшүндө болгон бардык аракеттер жөнүндө, алар

болуп өткөн иретте;

- сот жыйналышынын жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча судь-

ялардын пикирлери жана айткандары жана судьялардын добуш берүүсүнүн на-

тыйжалары жөнүндө.

3. Протоколдун толуктугун камсыз кылуу үчүн стенографияны жана

илимий-техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет, алардын колдону-

лушу жыйналыштын протоколунда көрсөтүлөт.

4. Ишке протокол жана сот тарабынан колдонулган илимий-техникалык

каражаттар: фонограмма, видеотасма, кинотасма тиркелет.

5. Протокол жыйналыш аяктагандан кийин беш жумушчу күндөн кечикти-

рилбестен таризделүүгө жана басып чыгарылууга тийиш.

6. Протоколго Конституциялык соттун жыйналышына төрагалык кылуучу

жана катчы-судья кол коет.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-33)
