# 28-берене. Жыйналышты кийинкиге калтыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202586)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 20-июнундагы №235 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37 "О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3983/edition/479920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202586/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо, 28-берене (13.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-28

---

1. Конституциялык соттун жыйналышы төмөнкүдөй учурларда кийинкиге

калтырылышы мүмкүн:

1) судьялардын кимдир бирөөсүнүн ооруп калгандыгына же башка се-

бептер менен келбей калгандыгына байланыштуу сот жыйналышында кворумдун

болбой калышынан улам;

2) катышуусу милдеттүү жана келбей калышы ишти туура чечүүгө таа-

сир тийгизиши мүмкүн деп табылган тараптардын же тараптардын биринин,

күбөнүн же эксперттин келбей калышынан улам;

3) эгерде Конституциялык сот каралып жаткан ишти жетиштүү даражада

даярдалган эмес деп тапса;

4) талап кылынган материалдардын өз убагында тапшырылбагандыгынан

улам, эгерде алар ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болсо;

5) сот жыйналышынын нормалдуу жүрүшүнө же ишти ар тараптуу кароого

тоскоолдук кылган башка жагдайлар болсо, эгерде ал жагдайлар сот жыйна-

лышынын жүрүшүндө четтетилбесе.

2. Конституциялык соттун жыйналышын кийинкиге калтыруу жөнүндө че-

чим сот жыйналышына катышкан судьялардын санынын көпчүлүк добушу менен

кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-29)
