28-берене. Жыйналышты кийинкиге калтыруу
Күчүн жоготкон · 13.06.2011 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37.
1. Конституциялык соттун жыйналышы төмөнкүдөй учурларда кийинкиге
калтырылышы мүмкүн:
1) судьялардын кимдир бирөөсүнүн ооруп калгандыгына же башка се-
бептер менен келбей калгандыгына байланыштуу сот жыйналышында кворумдун
болбой калышынан улам;
2) катышуусу милдеттүү жана келбей калышы ишти туура чечүүгө таа-
сир тийгизиши мүмкүн деп табылган тараптардын же тараптардын биринин,
күбөнүн же эксперттин келбей калышынан улам;
3) эгерде Конституциялык сот каралып жаткан ишти жетиштүү даражада
даярдалган эмес деп тапса;
4) талап кылынган материалдардын өз убагында тапшырылбагандыгынан
улам, эгерде алар ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болсо;
5) сот жыйналышынын нормалдуу жүрүшүнө же ишти ар тараптуу кароого
тоскоолдук кылган башка жагдайлар болсо, эгерде ал жагдайлар сот жыйна-
лышынын жүрүшүндө четтетилбесе.
2. Конституциялык соттун жыйналышын кийинкиге калтыруу жөнүндө че-
чим сот жыйналышына катышкан судьялардын санынын көпчүлүк добушу менен
кабыл алынат.
Берененин тексти 13.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202586/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>