# 25-берене. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202586)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 20-июнундагы №235 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37 "О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3983/edition/479920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202586/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо, 25-берене (13.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-25

---

1. Келип түшкөн кайрылуу аны сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө ма-

селени чечүү үчүн төрага тарабынан Конституциялык соттун судьясына бе-

рилет.

2. Кайрылууну жана ага тиркелген документтерди текшерип, судья беш

күндүк мөөнөттө кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө аныктама

чыгарат жана ишти Конституциялык соттун жыйналышында кароого даярдайт

же кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыга-

рат жана материалды арыз берүүчүгө кайтарат.

3. Судья кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат, эгерде:

1) кайрылуу формасы жана мазмуну боюнча ушул Мыйзамдын 24-берене-

синин талаптарына ылайык келбесе;

2) кайрылуу тийиштүү эмес органдан же жактан (субъекттен) келип

түшсө;

3) кайрылуу тараптын Конституциялык сотто иш жүргүзүүгө ыйгарым

укуктарга ээ болбогон өкүлү тарабынан берилсе же өкүл ушул Мыйзамда ка-

ралбаган жак болсо;

4) кайрылууда билдирилген талап Конституциялык соттун кароосуна

таандык болбосо;

5) сунуштамада же өтүнүчтө көрсөтүлгөн маселенин конституциялуулу-

гу Конституциялык сот тарабынан текшерилсе жана Конституциялык соттун

өз күчүн сактаган актысы бар болсо;

6) кайрылууда билдирилген талаптар Конституцияда чечилбесе.

4. Конституциялуулугу талашылып жаткан актыны жокко чыгаруу же

анын күчүн жоготушу кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартуу-

га алып келет.

5. Кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө же

аны кабыл алуу жөнүндө аныктама тараптар тарабынан Конституциялык сотко

анын төрагасы аркылуу даттанылышы мүмкүн. Конституциялык сот тарабынан

бул маселени кароонун жыйынтыктары боюнча өзүнчө токтом кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-26)
