# 24-берене. Конституциялык сотко кайрылуунун формасы жана мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202586)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 20-июнундагы №235 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37 "О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3983/edition/479920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202586/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо, 24-берене (13.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-24

---

1. Конституциялык сотко кайрылуу жазуу жүзүндө берилет.

2. Кайрылуу, ошондой эле ага тиркелген материалдар мамлекеттик же

расмий тилдерде берилет.

3. Кайрылууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) Конституциялык соттун аталышы;

2) кайрылуучунун аталышы, жайгашкан орду, дареги жөнүндө маалымат-

тар, ага тиешеси бар башка зарыл маалыматтар;

3) кызмат орду боюнча өкүлчүлүктү кошпогондо, кайрылуучунун өкүлү-

нүн аталышы, дареги жана анын ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар, ага

тиешеси бар башка маалыматтар;

4) конституциялуулугу текшерилүүгө жаткан ченемдик укуктук актыга

кол койгон же аны чыгарган мамлекеттик органдын, кызмат адамынын аталы-

шы, аты-жөнү, жайгашкан орду жана дареги;

5) тарап өзүнүн талабын негиздеген жана өзү берген фактыларды

ырастаган жагдайлар;

6) талашылып жаткан ченемдик актынын толук аталышы, номери, кабыл

алынган датасы, жарыяланган булактары жана башка реквизиттери;

7) талашылып жаткан ченемдик актынын конституциялуулугу боюнча по-

зициянын конкреттүү негиздемеси;

8) талаптын мањызы;

9) Конституциялык сотко кайрылууга укук берген Конституциянын жана

ушул Мыйзамдын ченемдери;

10) тиркелген документтердин тизмеги.

4. Зарыл учурда кайрылууга Конституциялык сотко чакырылууга жаткан

жактардын тизмеси, алардын даректери тиркелет.

5. Кайрылууга ушул Мыйзамдын 17-беренесинде көрсөтүлгөн тийиштүү

арыз берүүчү кол коет жана ага төмөнкүлөр тиркелет:

1) кызыкдар тарап конституциялуулугун толугу менен же айрым бөлү-

гүндө талашып жаткан ченемдик актынын текстинин көчүрмөсү;

2) өкүлчүлүк кызмат орду боюнча жүргүзүлүүчү учурлардан тышкары

учурда өкүлдүн ыйгарым укуктары жөнүндө документтер.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-25)
