# 17-берене. Конституциялык сотко кайрылуунун субъекттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202586)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 20-июнундагы №235 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37 "О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3983/edition/479920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202586/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо, 17-берене (13.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-17

---

1. Конституциялык сотко кайрылуу укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) Кыргыз Республикасынын Президентине;

2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарына;

4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө;

5) Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине;

6) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна;

7) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясына;

8) Кыргыз Республикасынын Омбудсменине (Акыйкатчысына) - Кыргыз

Республикасынын адамдын жана жарандын укуктарына жана эркиндиктерине

тиешеси бар мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Кыр-

гыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндө;

9) жергиликтүү кењештерге;

10) Кыргыз Республикасынын сотторуна;

11) жарандарга жана юридикалык жактарга - алардын конституциялык

эркиндиктерине жана укуктарына тикелей тиешеси бар маселелер боюнча,

эгерде булар башка сотторго таандык болбосо.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-9-пункттарында көрсөтүлгөн орган-

дар жана кызмат адамдары Конституциялык сотко өз сунуштамаларын, башка

жактар - өтүнүчтөрүн, ал эми соттор - суроо-талаптарын (мындан ары кай-

рылуулар) берет.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-18)
