# 14-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/202586)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2009-жылдын 20-июнундагы №235 "Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 235
- Кабыл алынган күнү: 20.07.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.06.2011
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37 "О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203281)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3983/edition/479920/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202586/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.06.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо, 14-берене (13.06.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-14

---

укуктары жана милдеттери

1. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары өз ыйгарым укукта-

рынын чегинде бирдей процесстик укуктардан пайдаланат.

2. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары иштин материалдары

менен таанышууга, алардан үзүндүлөрдү алууга, көчүрмөлөрдү алууга, да-

лилдерди берүүгө, далилдерди иликтөөгө катышууга, процесстин жүрүшүндө

келип чыккан бардык маселелер боюнча өз жүйөөлөрүн жана пикирлерин бил-

дирүүгө, корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу.

Тараптар дагы өтүнүч билдирүүгө, судьяларга оозеки жана жазуу жү-

зүндө түшүнүктөрдү берүүгө, берилген сунуштамалар жана өтүнүчтөр боюнча

өз пикирин айтууга укуктуу.

3. Демилгеси боюнча конституциялык сот өндүрүшү козголгон тарап өз

талаптарынын негизин же предметин өзгөртүүгө, алардын көлөмүн көбөйтүү-

гө же азайтууга, талаптардан баш тартууга укуктуу.

4. Өзүнө каршы талаптар коюлган тарап аларды толук же жарым-жарты-

лай моюнга алууга же болбосо аларга каршы пикирлерин билдирүүгө укук-

туу.

5. Ар бир тарап далилдерди берүүгө жана өз талаптарынын жана каршы

пикирлеринин негизи катары таянган жагдайларды далилдөөгө милдеттүү.

6. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары өз укуктарын ак

ниеттүү пайдаланууга милдеттүү. Алардын судьяларга атайын жалган маалы-

матты бериши Конституциялык сотту урматтабагандык катары бааланат жана

мыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202586/st-15)
