# КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 228 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 228 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 228
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202584>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3981/edition/459727/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202584.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 228 "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (17.07.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202584

---

Бишкек шаары

2009-жылдын 17-июлу № 228

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

2009-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202584/st-1)

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Респуб-

ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөндөгү-

дөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

2-статьяда:

экинчи абзацтагы "(жарнактык маалымат);" деген сөздөр "(жарнактык

маалымат)." деген сөздөргө алмаштырылсын;

үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Юридикалык жана жеке жактардын имараттарындагы көрнөктөр, иш тар-

тиби жана керектөөчүлөрдү тейлөөнүн эрежелери жөнүндөгү маалыматтык

көрнөктөр; юридикалык же жеке жактын турган жеринин, анын телефондору-

нун номерлеринин жана юридикалык же жеке жактар жөнүндөгү башка кабар-

лардын өзгөрүшү жөнүндөгү кулактандыруулар же маалымдоолор; ошол аймак-

тагы иштин өзгөчөлүктөрү жөнүндө эскертүүчү тактачалар, товарларды,

идеяларды жана саамалыктарды жарнактоону камтыбаган бөлөк маалыматтык

кабарлар жарнак болуп эсептелбейт;".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/202584/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
