1-статья.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөндөгү-
дөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-статьяда:
экинчи абзацтагы "(жарнактык маалымат);" деген сөздөр "(жарнактык
маалымат)." деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Юридикалык жана жеке жактардын имараттарындагы көрнөктөр, иш тар-
тиби жана керектөөчүлөрдү тейлөөнүн эрежелери жөнүндөгү маалыматтык
көрнөктөр; юридикалык же жеке жактын турган жеринин, анын телефондору-
нун номерлеринин жана юридикалык же жеке жактар жөнүндөгү башка кабар-
лардын өзгөрүшү жөнүндөгү кулактандыруулар же маалымдоолор; ошол аймак-
тагы иштин өзгөчөлүктөрү жөнүндө эскертүүчү тактачалар, товарларды,
идеяларды жана саамалыктарды жарнактоону камтыбаган бөлөк маалыматтык
кабарлар жарнак болуп эсептелбейт;".