# КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 143
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202581>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3978/edition/1119571/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202581.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202581

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2009-жылдын 30-апрели № 143

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-майындагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2009-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202581/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин Тоо" гезити, 2008-жыл, 22-октябрь, №78-81) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү кирги- зилсин:

1. 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-берене. Эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын колдонулушу

1. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белги-

ленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде Кыргыз Республика- сынын салык мыйзамдарында каралгандан башка нормалар белгиленсе, ошол эл аралык келишимдин нормалары колдонулат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзгөн макулдашуу Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењеши ратификациялаган болсо же Кыргыз Респуб- ликасынын Жогорку Кењеши ратификациялаган макулдашууну аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тапшыруусу боюнча түзүлсө, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралгандан башка нормаларды белгилесе, анда мындай макулдашуу менен жөнгө салынган салык мамилеле- рине ошол макулдашуунун нормалары колдонулат.".

2. 10-берененин 2-бөлүгү "жеке мүнөздөгү" деген сөздөрдөн мурда

"Эгерде бул кодекстин 3-беренесинде башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын. (КР 2009-жылдын 29-майындагы № 175 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202581/st-2)

Ушул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев

2009-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
