# КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-майындагы № 88 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-майындагы № 88 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1274/edition/469082/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-майындагы № 88 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (29.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20258

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 29-майы № 88 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 6-майындагы № 68 токтому менен 2013-жылдын 23-майына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Ананьево айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан айыл өкмөттүн башчысы шайланбагандыгына байланыштуу болбой калды. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесиндеги 5-пунктуна, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2013-жылдын 11-июнуна дайындалсын.

2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
