# 8-берене. Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар

- Документ: [Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202576)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 170 "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3973/edition/956382/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202576/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө, 8-берене (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-8

---

Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар билим берүүнүн баардык деңгээлинде окугандарды социалдык жактан коргоонун минималдык деңгээлин камсыз кылуучу нормалардан жана ченемдерден турат. Билим берүү жаатында төмөнкүдөй социалдык стандарттар белгиленет:

- мектепке чейинки;

- мектептик;

- баштапкы, негизги жана орто;

- баштапкы, орто кесиптик;

- жогорку кесиптик.

Билим берүү жаатында ар бир жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында милдеттүү акысыз баштапкы, негизги жана жалпы орто билим алуу белгиленет. Мамлекеттик бюджеттен финансылануучу билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-9)
