8-берене. Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар
Күчүндө · 08.07.2019 редакциясы · 2-глава
Билим берүү жаатындагы социалдык стандарттар билим берүүнүн баардык деңгээлинде окугандарды социалдык жактан коргоонун минималдык деңгээлин камсыз кылуучу нормалардан жана ченемдерден турат. Билим берүү жаатында төмөнкүдөй социалдык стандарттар белгиленет:
- мектепке чейинки;
- мектептик;
- баштапкы, негизги жана орто;
- баштапкы, орто кесиптик;
- жогорку кесиптик.
Билим берүү жаатында ар бир жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында милдеттүү акысыз баштапкы, негизги жана жалпы орто билим алуу белгиленет. Мамлекеттик бюджеттен финансылануучу билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 08.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202576/st-8" title="8-берене - Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>