# 4-берене. Социалдык стандарттарды белгилөөнүн принциптери жана милдеттери

- Документ: [Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202576)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 170 "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3973/edition/956382/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202576/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө, 4-берене (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-4

---

Социалдык стандарттарды түзүүнүн жана колдонуунун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- жарандардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу;

- социалдык стандарттардын мамлекеттик социалдык саясаттын негизги багыттарына ылайык келиши;

- социалдык стандарттардын социалдык жана экономикалык жактан негизделгендиги;

- консолидацияланган мамлекеттик бюджетти түзүүдө жана аткарууда социалдык чыгымдардын артыкчылыгы жана милдеттүүлүгү;

- социалдык стандарттарды расмий белгилөөнүн мезгилдүүлүгү;

- социалдык стандарттарды белгилөөнүн жана өзгөртүүнүн айкындуулугу;

- мамлекеттик органдардын белгиленген социалдык стандарттарды сактоодогу жоопкерчилиги.

Социалдык стандарттарды белгилөө төмөнкү милдеттерди аткарууга багытталган:

- мамлекет тарабынан жарандардын негизги материалдык жана руханий жыргалчылыгы жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүнүн кепилдик нормасын аныктоо;

- материалдык жана руханий жыргалчылыктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөнүн жеткиликтүүлүк шарттарын камсыз кылууну теңдештирүүнүн негизинде бирдиктүү мамлекеттик социалдык саясат жүргүзүү жана региондор боюнча социалдык өнүгүү деңгээлинин айырмачылыктарына жол бербөө;

- региондор боюнча калктын жашоо деңгээлин жана анын жогорулашынын шарттарын баалоо;

- бюджеттик жана социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөргө берилүүчү жана башка каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

- аз камсыз болгон жана турмуштук оор абалда калган жарандарга максаттуу жана даректүү мамлекеттик колдоонун зарылдыгын негиздөө.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-5)
