# 3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202576)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 170 "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3973/edition/956382/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202576/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө, 3-берене (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-3

---

Ушул Мыйзамды пайдалануу максатында төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдолунулат: кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарт (мындан ары - социалдык стандарт) - жалпыга жеткиликтүү, акысыз берилүүчү жана жеңилдетилген социалдык жактан кызмат көрсөтүүлөрдү жана төлөмдөрдү берүүнүн кепилденген минималдык деңгээли; жашоо минимуму - минималдык керектөө корзинасынын наркынын чоңдугуна барабар жана адамдын жашоосун камсыз кылуу жана анын ден соолугун сактоо үчүн зарыл болгон материалдык жыргалчылыктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдык топтомунун, ошондой эле милдеттүү түрдөгү төлөмдөрдүн жана жыйымдардын (салымдардын) суммасынын нарктык бааланышы; жакырчылыктын чеги - адамдын минималдык керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн зарыл болгон, бир адамга эсептелген минималдык кирешенин чеги; жашоо деңгээли - калктын жашоосунун зарыл болгон муктаждыктарын канааттандырууну камсыз кылуучу материалдык жана руханий жыргалчылыктардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жыйындысы.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-4)
