# 19-берене. Жашоо минимумун аныктоонун түзүмү жана тартиби

- Документ: [Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202576)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 170 "Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 170
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3973/edition/956382/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202576/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө, 19-берене (08.07.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-19

---

Минималдык жол берилген деңгээлде адам муктаждыктарын канааттандыруучу жана анын жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу милдеттүү төлөмдөр жана жыйымдар боюнча товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана чыгымдардын стандарттык тобуна кирген жашоо минимумунун түзүмүнө төмөнкүлөр кирет:

- тамак-аш азыктары;

- азык-түлүк эмес товарлар;

- кызмат көрсөтүүлөр;

- милдеттүү салык төлөмдөр жана жыйымдар боюнча чыгымдар.

Жашоо минимумунун түзүмүн республика жана региондор боюнча аныктоо жаратылыш-климаттык шарттарды, улуттук каада-салтты жана тамак-аш азыгын, азык-түлүк эмес товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөнүн жергиликтүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202576/st-20)
