12-берене. Калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү жаатындагы социалдык стандарттар
Күчүндө · 08.07.2019 редакциясы · 2-глава
Калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү жаатындагы социалдык стандарттар төмөнкүлөрдү карайт:
- расмий катталган жумушсуз жарандарга убактылуу материалдык жактан колдоо көрсөтүүнүн мамлекеттик кепилдиги иретинде колдонулуучу жумушсуздук боюнча жөлөк пулду белгилөөнү;
- калкты ишке орноштуруу жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин белгилөөнү;
- кесиптик даярдоо, кайра даярдоо курстарында окутууну жана окутуу процессинде стипендия төлөөнү;
- ишкерликти уюштурууда жана өзүн-өзү жумуш менен камсыз кылууда консультациялык кызмат жана финансылык колдоо көрсөтүүлөрдү;
- акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу боюнча программаларга катышуу мүмкүнчүлүгүн.
Калкты ишке орноштурууга көмөктөшүү жаатындагы социалдык стандарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 08.07.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202576/st-12" title="12-берене - Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>