# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизуу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/202571)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 28-майындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизуу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 94
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202571/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3971/edition/764840/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202571/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизуу тууралу, 1-берене (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202571/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 4-статьянын 5-пунктчасы "банк операцияларын" деген сөздөрдөн

кийин ", анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери- нин негизинде" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 7-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен

толукталсын: "Кыргыз банкы банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан аткарууга милдеттүү болгон нормативдик актыларды чыгарууга, капиталдын адекваттуулугуна ко- шумча стандарттарды, бухгалтердик эсепке жана финансылык отчеттуулукка карата кошумча талаптарды, ошондой эле Шарияттык кењештин мүчөлөрү үчүн талаптарды белгилөөгө укуктуу.".

3. 20-статьянын 6-пунктчасы "эл аралык практикада" деген сөздөрдөн

кийин ", анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери- не ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 21-статья "эл аралык практикага" деген сөздөрдөн кийин ", анын

ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине" деген сөздөр менен толукталсын.

5. 28-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен

толукталсын: "Кыргыз банкы келишимдик негизде исламдык банкына каражат бере алат.".

6. 32-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

"7. Кыргыз банкы исламдык банктарды жана "исламдык терезелери" бар банктарды тейлөөнүн тартибин жана эрежелерин аныктайт жана банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктар банк ишин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды бузушкан учурда чара көрөт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202571/st-2)
