1-берене
Күчүн жоготкон · 16.12.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207.
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика- сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 4-статьянын 5-пунктчасы "банк операцияларын" деген сөздөрдөн
кийин ", анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери- нин негизинде" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 7-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен
толукталсын: "Кыргыз банкы банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктар тарабынан аткарууга милдеттүү болгон нормативдик актыларды чыгарууга, капиталдын адекваттуулугуна ко- шумча стандарттарды, бухгалтердик эсепке жана финансылык отчеттуулукка карата кошумча талаптарды, ошондой эле Шарияттык кењештин мүчөлөрү үчүн талаптарды белгилөөгө укуктуу.".
3. 20-статьянын 6-пунктчасы "эл аралык практикада" деген сөздөрдөн
кийин ", анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери- не ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 21-статья "эл аралык практикага" деген сөздөрдөн кийин ", анын
ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 28-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен
толукталсын: "Кыргыз банкы келишимдик негизде исламдык банкына каражат бере алат.".
6. 32-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Кыргыз банкы исламдык банктарды жана "исламдык терезелери" бар банктарды тейлөөнүн тартибин жана эрежелерин аныктайт жана банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү банктар банк ишин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды бузушкан учурда чара көрөт.".
Берененин тексти 16.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202571/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жонундо" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизуу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>