# КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 97 "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 97 "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 97
- Кабыл алынган күнү: 30.03.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.03.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202570>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3970/edition/481267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202570.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 97 "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (30.03.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202570

---

Бишкек шаары

2009-жылдын 30-марты № 97

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

2009-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кенеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202570/st-1)

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-

касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй

өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 10-статьяда:

4-пунктунун:

- 2 жана 3-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) күрөө менен камсыздалган милдеттенменин баяндамасы, ал милдет-

тенменин максималдуу суммасы менен чагылдырылышы мүмкүн;

3) аны идентификациялоо үчүн күрөө предметинин жетиштүү жалпы ба-

яндамасы;";

- 5-пунктча алын салынсын;

6-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.

2. 27-статьяда "өткөрүп берүүдө тараптар өз ара макулдашкан күрөө-

гө коюлган мүлктүн акчалай наркын салыштыруу жолу менен, ал эми мындай

макулдашуу жок болсо, күрөөлүктү" деген сөздөр алып салынсын.

3. 30-статьяда:

1-пункту "катары" деген сөздөн кийин "кыймылдуу жана" деген сөздөр

менен толукталсын;

2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.

4. 34-статьяда:

1-пунктунун үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсү жөнүндө келишимде күрөөнүн пред-

мети болгон жүгүртүүдөгү товарлардын жалпы баяндамасы болууга тийиш";

2-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү ", товардын сан-эсебине, өлчөмүнө

же көлөмүнө ылайык аныкталуучу" деген сөздөр алып салынсын.

5. 52-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацы алып салынсын.

6. 69-статьянын экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202570/st-2)

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогор-

ку Кењешинин Жарчысы, 2007-ж, № 7, 8, 9, 702-ст.) күчүн жоготту деп

эсептелсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202570/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
