# КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 81 "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жонундо" Кыргыз Республикасынын мыйзамына озгортуулорду киргизуу тууралу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 81 "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жонундо" Кыргыз Республикасынын мыйзамына озгортуулорду киргизуу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 81
- Кабыл алынган күнү: 11.03.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.01.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202566>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3966/edition/457814/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202566.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.01.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 81 "Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жонундо" Кыргыз Республикасынын мыйзамына озгортуулорду киргизуу тууралу" Мыйзамы (12.01.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202566

---

КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2009-жылдын 11-марты № 81

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу

жонундо" Кыргыз Республикасынын мыйзамына озгортуулорду

киргизуу тууралу

2009-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202566/st-1)

"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчы-

сы, 2007-ж., № 7-9, 665-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 12-статьянын 1-бөлүгүндөгү "тандаганына жараша акысыз тамак-аш

же болбосо бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү акчалай эквивалент бе-

рилет" деген сөздөр "тамактанууга акчалай компенсация берилет" деген

сөздөргө алмаштырылсын.

2. 14-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Канды жана анын компоненттерин дайыма акысыз берип келген (эр-

кектер - жылына кеминде төрт жолу, аялдар - жылына кеминде үч жолу) до-

норлорго канды жана анын компоненттерин акыркы жолу бергенден кийинки

он эки айдын ичинде оорунун ар кандай түрлөрү менен ооруп калганда эм-

гек стажына карабастан, иштеп тапкан маянасынын жүз пайыз өлчөмүндө

убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпул берилет.".

3. 15-статьянын 1-бөлүгүндө:

1-пункт алынып салынсын;

3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын рецептери боюнча Кыр-

гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталган

жењилдетилген шарттарда дары-дармек каражаттарын сатып алууга;";

4 жана 5-пункттары алынып салынсын;

9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"6) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан

аныкталган жењилдетилген шарттарда мамлекеттик саламаттык сактоо уюмда-

рында медициналык тейлөөгө;";

11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген ченемдердин чегинде

электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн акы төлөөдөгү жењилдиктерге.".

12-пункт алынып салынсын;

2, 6-8, 10-пункттар ылайыктуулугуна жараша 1, 3-5, 7-пункттар деп

эсептелсин.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202566/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
