# 8-берене. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун техникалык камсыз кылуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202555)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 19 мая 2026 года № 70 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира", "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 19.05.2026 [Закон КР от 19 мая 2026 года № 70 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира", "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046168); 06.04.2021 [Закон КР от 6 апреля 2021 года № 49 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112206)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202555#diff=1213000..53314>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3957/edition/1212996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202555/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө, 8-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-8

---

Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун техникалык камсыз кылуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) машина-трактор паркын жана технологиялык жабдууну жаңыртууну уюштуруу;

2) айыл чарбалык техниканы жана шаймандарды тейлөө боюнча сервистик борборлордун тармагын өнүктүрүү;

3) ата мекендик жана чет өлкөлөрдө чыгарылган айыл чарба техникасына жана жабдууларга сыноо жүргүзүү жана милдеттүү сертификациялоо;

4) мамлекеттик техникалык инспекцияны жүзөгө ашыруу;

5) айыл чарба жана сервистик кооперативдерди, соода-логистикалык борборлорду, мал союу цехтерин өнүктүрүүнүн уюштуруу-башкаруу усулдары;

6) кластердик өндүрүштү, тамчылатып сугаруу системаларын жана күнөскана чарбасын өнүктүрүүнүн технологиялык-өндүрүштүк усулдары;

7) "жашыл экономика" принциптерин жүзөгө ашыруунун экономикалык усулдары;

8) органикалык айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүнүн, өсүмдүктөрдү коргоонун биологиялык каражаттарын жана биоорганикалык жер семирткичтерди өндүрүүнү колдоонун, айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын түшүмдүүлүгүн сактоонун жана жогорулатуунун экологиялык усулдары;

9) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун, гибриддерин чыгаруунун, дары өсүмдүктөрүн (валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула, аконит, арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп, лаванда) өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоонун жана өстүрүүнүн, айыл чарба жаныбарларынын жаңы породаларын, типтерин жана кроссторун чыгаруунун, мал чарбасында маркердик жана геномдук селекцияны жүзөгө ашыруунун селекциялык-генетикалык усулдары.

(КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49 , 2026-жылдын 19-майындагы № 70 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-9)
