# 7-берене. Ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202555)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112465)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202555#diff=1212999..1213000>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3957/edition/1212996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202555/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө, 7-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-7

---

1. Ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык коопсуздукту камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын ветеринария, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Агроазыктүлүк продукциясынын сапатынын жана коопсуздугунун эл аралык талаптарга ылайыктыгын камсыз кылуу максатында төмөнкүдөй иш-чаралар жүзөгө ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө мыйзамдарына ылайык ветеринардык жана фитосанитардык контроль жүргүзүү;

2) жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын алдын алуу, аныктоо жана жоюу;

3) Кыргыз Республикасынын аймагын коргоого жана жаныбарлар жана адам үчүн жалпы оорулардын таралышына жол бербөөгө арналган ветеринардык иш-чаралар;

4) зыяндуу жана өзгөчө коркунучтуу зыяндуу организмдердин таралышын болтурбоого, Кыргыз Республикасынын аймагын карантиндик объекттерден коргоого, ошондой эле алардын таралуу очокторун аныктоого, бөгөт коюуга жана жоюуга багытталган фитосанитардык иш-чаралар.

(КР 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-8)
