# 6-берене. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна кредит берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202555)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.01.2023 [Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112465); 16.01.2019 [Закон КР от 16 января 2019 года № 7 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111861)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202555#diff=1212999..1213000>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3957/edition/1212996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202555/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө, 6-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-6

---

1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна кредит берүү төмөнкүдөй багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:

1) айыл чарба продукциясын өндүрүүгө;

2) айыл чарба өндүрүшүнүн инфраструктурасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө;

3) айыл чарбалык техниканын жана технологиялык жабдуунун лизингине;

4) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна кредит берүүнү жүзөгө ашыруучу кредиттик шериктештиктерди (кошуундарды) уюштурууга жана аларга кредит берүүгө;

5) айыл чарба продукциясын сатып алууга, өндүрүүгө, кайра иштетүүгө жана сатууга.

2. Айыл чарбасынын (дыйканчылыктын, мал чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балчылыктын), балык чарбасынын продукциясын өндүрүүчүлөргө жана аны кайра иштетүүгө жеңилдетилген кредит берүү жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.

Жеңилдетилген кредит берүүнүн механизмдери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат. (КР 2019-жылдын 16-январындагы № 7, 2023-жылдын 25-январындагы №11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-7)
