# 5-берене. Агроазыктүлук рынокторун мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202555)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.01.2023 [Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112465); 06.04.2021 [Закон КР от 6 апреля 2021 года № 49 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112206)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202555#diff=1212999..1213000>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3957/edition/1212996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202555/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө, 5-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-5

---

1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында агроазыктүлүк рынокторун мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) мамлекеттик сатып алууну жана товардык интервенцияларды жүргүзүү;

2) Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык иш жөнүндө мыйзамдарына ылайык бажылык-тарифтик, тарифтик эмес жөнгө салуу ыкмалары менен ички рынокту коргоо;

3) агроөнөржай комплекси системасында жеке тажрыйбаны жүзөгө ашыруу.

2. Мамлекеттик сатып алууну жана товардык интервенцияларды жүзөгө ашыруунун тартибин жана көлөмүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

3. Агроөнөржай комплекси системасында жеке тажрыйбаны жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49, 2023-жылдын 25-январындагы №11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-6)
