# 4-берене. Ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруунун принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202555)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3957/edition/1212996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202555/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө, 4-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-4

---

Ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу төмөнкүдөй принциптерге ылайык камсыз кылынат:

1) айыл чарба, санитардык жана фитосанитардык нормалар боюнча эл аралык талаптарга ылайыктуулук;

2) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунда мамлекет жүргүзүүчү иш-чаралардын ачык-айкындыгы;

3) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларынын жеткиликтүүлүгү жана даректүүлүгү;

4) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоонун ар жылдык керектүү көлөмүн камсыз кылуу;

5) айыл чарба продукциясын өндүрүүчү, аны иштетүүчү жана тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

6) айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунун бирдиктүүлүгү жана бул рынокто атаандаштык үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу;

7) Кыргыз Республикасынын экономикасынын ата мекендик агроазыктүлүк секторунун атаандаштыктагы артыкчылыктарын жана ички рыноктун карасанатай атаандаштыктан корголушун өнүктүрүү;

8) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун ишиндеги экологиялык коопсуздук;

9) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун чөйрөсүндө илимий-изилдөө уюмдары жана коомдук бирикмелер, ишкерлердин ассоциациялары (кошуундары) менен өз ара байланышта иштөө.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-5)
