4-берене. Ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруунун принциптери
Күчүндө · 19.05.2026 редакциясы
Ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу төмөнкүдөй принциптерге ылайык камсыз кылынат:
1) айыл чарба, санитардык жана фитосанитардык нормалар боюнча эл аралык талаптарга ылайыктуулук;
2) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунда мамлекет жүргүзүүчү иш-чаралардын ачык-айкындыгы;
3) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү чараларынын жеткиликтүүлүгү жана даректүүлүгү;
4) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүү үчүн мамлекеттик колдоонун ар жылдык керектүү көлөмүн камсыз кылуу;
5) айыл чарба продукциясын өндүрүүчү, аны иштетүүчү жана тийиштүү кызматтарды көрсөтүүчү айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн кредиттик ресурстардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
6) айыл чарба продукциясынын, сырьенун жана азык-түлүктүн рыногунун бирдиктүүлүгү жана бул рынокто атаандаштык үчүн бирдей шарттарды камсыз кылуу;
7) Кыргыз Республикасынын экономикасынын ата мекендик агроазыктүлүк секторунун атаандаштыктагы артыкчылыктарын жана ички рыноктун карасанатай атаандаштыктан корголушун өнүктүрүү;
8) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун ишиндеги экологиялык коопсуздук;
9) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун чөйрөсүндө илимий-изилдөө уюмдары жана коомдук бирикмелер, ишкерлердин ассоциациялары (кошуундары) менен өз ара байланышта иштөө.
Берененин тексти 19.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202555/st-4" title="4-берене - Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>