# 2-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202555)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.01.2023 [Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112465); 06.04.2021 [Закон КР от 6 апреля 2021 года № 49 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112206)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202555#diff=1212999..1213000>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3957/edition/1212996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202555/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө, 2-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк сектору - жеке көмөкчү чарба жүргүзгөн, ошондой эле айыл чарбасынын (дыйканчылыктын, мал чарбасынын, айбанаттар чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балчылыктын) жана балык чарбасынын, агротокой чарбасынын продукцияларын өндүрүүчү (өстүрүүчү) жана кайра иштетүүчү юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле жарандардын, анын ичинде айыл чарба (агроазыктүлүк), илимий-техникалык кызматтарды көрсөтүүлөрдү жана коргонуунун биологиялык каражаттарын колдонуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын экономикалык иштеринин түрлөрүнүн жыйындысы; Кыргыз Республикасынын мамлекеттик айыл чарба (агроазыктүлүк) программасы - Кыргыз Республикасынын агроазыктүлүк рыногун жөнгө салуучу айыл, суу чарбаларын, агротокойчулукту жана балыкчылыкты өнүктүрүүнүн жана финансылык жана материалдык-техникалык ресурстарды жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик агроазыктүлүк саясатын үч жылдык мөөнөткө жүзөгө ашыруунун механизмдерин аныктоонун негизги багыттары; айыл чарба (агроазыктүлүк) товарларын өндүрүүчү - жеке көмөкчү чарба жүргүзүшкөн, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык чарбакер субъект деп таанылган, айыл чарбасынын, балыкчылыктын, агротокойчулуктун продукцияларын жана аны иштетүүдөн алынуучу продуктуларды жана азык-түлүк товарларды өндүрүүчү жеке же юридикалык жактар; айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдар - илимий-техникалык, маалыматтык, маркетингдик, консультациялык, агротехникалык, агрохимиялык, зооветеринардык, соодалык кызматтарды көрсөтүүчү, ошондой эле сугат суусун берүү, коргонуунун биологиялык каражаттарын колдонуу, айыл чарбасынын, балыкчылыктын, агротокойчулуктун продукцияларын, сырьену жана азык-түлүктү сактоо жана ташуу, агроазыктүлүк товарларды өндүрүү үчүн керектүү материалдык-техникалык ресурстарды берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюмдар; Кыргыз Республикасынын агроазыктүлүк рыногу - айыл чарбасынын, балыкчылыктын, агротокойчулуктун продукцияларын, сырьену жана азык-түлүктү, ошондой эле агроазыктүлүк товарларды жана продукцияларды өндүрүү үчүн керектүү материалдык-техникалык ресурстарды жүгүртүү; Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун өнүгүүсү жөнүндө отчет - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик айыл чарба (агроазыктүлүк) программасынын өткөн жылда жүзөгө ашырылышы, алдыдагы жылга милдеттер жана жүзөгө ашыруу механизми жөнүндө ар жылдык маалыматтык-аналитикалык материал; сатып алуу жана товардык интервенция - ички агроазыктүлүк рыногунда анын ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарына турукташышы жана калктын агроазыктүлүк продукциясына болгон керектөөсүн канааттандыруу үчүн товардык операцияларды жүзөгө ашыруу; айыл чарбасынын прогрессивдүү инновациялык технологиялары - илимий изилдөөлөрдүн жана алдыңкы өндүрүштүк тажырыйбанын натыйжаларын пайдалануунун негизинде айыл чарба өндүрүшүнүн жаңы, жакшыртылган уюмун түзүү боюнча ырааттуу жүзөгө ашырылуучу аракеттердин жыйындысы; жеке тажрыйба - агроөнөржай комплекси системаларынын мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринен тышкары жарандардын, ишканалардын жана уюмдардын жеке каражаттарынын эсебинен түзүлгөн келишимдерге ылайык айыл чарба кызматтарын көрсөтүү боюнча иштин түрү. (КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49, 2023-жылдын 25-январындагы №11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-3)
