# 10-берене. Мамлекеттик айыл чарба (агроазыктүлүк) программасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202555)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-майындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 26.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112465)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.01.2023 [Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112465); 06.04.2021 [Закон КР от 6 апреля 2021 года № 49 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112206)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202555#diff=1212999..1213000>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3957/edition/1212996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202555/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө, 10-берене (19.05.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-10

---

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (агроазыктүлүк) программасын (мындан ары - мамлекеттик программа) Кыргыз Республикасынын бюджетинин орто мөөнөттүк божомолун иштеп чыгуу жана бекитүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет.

Мамлекеттик программанын долбоорун иштеп чыгуунун тартиби жана мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

2. Мамлекеттик программада республиканын экономикасынын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү жана божомолу, максаттары, милдеттери, натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү жана алдыдагы мезгилде финансылык каражаттардын жылдар боюнча бөлүштүрүлүшүн кошуп алганда чыгаша милдеттенмелери менен кошо болууга тийиш, анын ичинде:

1) айыл чарба продукциясынын конкреттүү түрлөрүн өндүрүү үчүн айыл чарба жерлерин оптималдуу пайдалануу боюнча региондордун адистешүүсүн аныктоо;

2) сугат жерлердин мелиорациялык абалын жакшыртуу, жаңы суу чарба объекттерди куруу, машина менен сугаруу системасын өнүктүрүү боюнча иш-чаралар;

3) айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга мамлекеттик колдоону камсыз кылуу;

4) ветеринария, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин боюнча мамлекеттик иш-чараларды уюштуруу;

5) агроөнөржай комплекси жаатында мамлекеттер аралык экономикалык байланыштардын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, экономиканын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүү жаатындагы эл аралык долбоорлорду жүзөгө ашыруу;

6) агроөнөржай комплексинин тармактарында техникалык регламенттерди киргизүү жана улуттук стандарттарды айкалыштыруу боюнча иш-чаралар;

7) агроөнөр жай комплекси системасын техникалык жабдуу жана прогрессивдүү инновациялык технологияларды киргизүү боюнча иш-чаралар;

8) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторунун субъекттеринин кредиттик ресурстарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн экономиканын агроазыктүлүк секторуна кредит берүүчү кредиттик шериктештиктердин системасын түзүү;

9) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун маалыматтык-маркетингдик жактан камсыз кылууну уюштуруу;

10) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун илимий жактан камсыз кылуу чараларын жүзөгө ашыруу;

11) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк сектору үчүн кадрларды окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо системасын өркүндөтүү.

3. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун, ошондой эле мамлекеттик программаны аткарууга багытталган иш-чараларды мамлекеттик маалыматтык камсыз кылуучу системаны түзүү жана коштоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Мамлекеттик программаны жүзөгө ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекитет. Анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат жыл сайын Жогорку Кеңеште угулат.

(КР 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49, 2023-жылдын 25-январындагы № 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202555/st-11)
