# 6-берене. Ички аудиттин принциптери

- Документ: [Ички аудит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202552)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январы № 25 "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3954/edition/1280593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202552/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички аудит жөнүндө, 6-берене (26.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-6

---

Ички аудит төмөнкүдөй принциптерди сөзсүз сактоо менен ишке ашырылат:

1) көз каранды эместик жана объективдүүлүк принциби - ички аудит кызматынын иши ички аудит объектисинин башка структуралык бөлүмдөрүнө уюштуруу жана функциялык жагынан көз карандысыз болууга тийиш жана башкаруучулук ишке тартылууга тийиш эмес; ички аудит кызматынын жетекчиси ички аудит объектисинин жетекчисине гана отчет берүүгө тийиш;

2) компетенттүүлүк (иш билгилик) принциби - ички аудит кызматынын кызматкерлеринин ички аудиттин стандарттарына ылайык сапаттуу аудит жүргүзүү үчүн керектүү кесиптик билимдеринин жана тажрыйбаларынын жыйындысы;

3) конфиденциалдуулук принциби - аудит жүргүзүү учурунда алынган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда ачыкка чыгарууга болбостугу.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-7)
