# 5-берене. Ички аудиттин ролу жана милдеттери

- Документ: [Ички аудит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202552)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январы № 25 "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3954/edition/1280593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202552/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички аудит жөнүндө, 5-берене (26.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-5

---

Ички аудиттин ролу төмөнкүдөй негизги милдеттерди аткаруу менен ички аудит объектисинин жетекчилигине ички контроль системасын сактоого жана өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп эсептелет:

1) ички аудит объектисинде ички контроль системасына серептөө жана баа берүү жана ички аудит объектисинин жетекчилигине отчетторду жана анын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү;

2) тобокелчиликке баа берүүгө ылайык өнүктүрүүнүн стратегиялык, узак мөөнөттүк жана жылдык пландарын, ошондой эле ички аудиторлорду кесиптик окутуу пландарын иштеп чыгуу жана ички аудит объектисинин жетекчисине бекитүүгө берүү;

3) жүргүзүлгөн ар бир аудит боюнча отчетторду даярдоо жана аларды ички аудит объектисинин жетекчиси менен макулдашуу;

4) ички аудит объектисинин жетекчисине аудитордук отчет жана сунуштарды берүү.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-6)
