# 3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулчу түшүнүктөр

- Документ: [Ички аудит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202552)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январы № 25 "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2018
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.05.2018 [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788); 07.02.2014 [Закон КР от 7 февраля 2014 года № 29 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внутреннем аудите"](https://aqlex.ai/kg/doc/205250)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552#diff=1280595..1280596>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3954/edition/1280593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202552/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички аудит жөнүндө, 3-берене (26.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-3

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) Ички аудит - ички контроль системасынын анализин, баа берилишин, туура жүргүзүлүшүнө жана натыйжалуулугуна мониторингди; финансылык жана башкаруучулук маалыматтын ишеничтүүлүгүн жана тууралыгын; иштин жана башкаруунун акыбеттүүлүгүнө, үнөмдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна; активдердин сакталышына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына мониторингди өзүнө камтыган көз каранды эмес жана объективдүү функция.

2) Башкаруучулук маалымат - ички аудиттин объектисинин операциялык иштерине тиешелүү маалыматтар.

3) ички аудитор - ушул Мыйзамга ылайык ички аудитти жүргүзүүчү ички аудит кызматынын кызмат адамы;

4) Кызыкчылыктардын кагылышы - ички аудит тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ички аудит кызматтарынын, алардын кызматчыларынын объективдүүлүгүн жана көз карандысыздыгын чектөөчү иштер же мамилелер.

5) ички аудиттин объектилери - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, башка аткаруу бийлик органдары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук уюмдары, мамлекеттик ишканалар;

6) Ички аудит объектисинин жетекчиси - ички аудит объектисин жетектеген жана туура жана майнаптуу иштөөчү ички контроль системасынын уюштурулушу жана иштөөсү үчүн ички аудиттин адекваттуу иштешин ишке ашыруу жана камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички аудит боюнча отчеттуулукту пландоодо, жүргүзүүдө жана даярдоодо ички аудиторлордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу, жооптуу кызмат адамы.

7) Ички контроль системасы - ички аудит объектисинин жетекчилиги аудиттин объектисин майнаптуу, үнөмдүү жана натыйжалуу башкарууга жетишүү үчүн колдонуучу чаралардан жана жол-жоболордон турган система, ага бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, ченемдик укуктук актылардын, аудит объектисинин ички актыларынын сакталышы, активдердин сакталышын камсыздоо, мыйзамга каршы аракеттердин алдын алуу жана аныктоо, финансылык жана башкаруучулук отчеттордун жана маалыматтардын ишеничтүүлүгү, тууралыгы жана тактыгы, ошондой эле алардын даярдалышы кирет.

8) Ички аудит кызматы - ички аудит объектисинин жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын структуралык бөлүмү, ал ушул Мыйзамга ылайык ички аудити ишке ашырат.

9) Ички аудитордун квалификациялык сертификаты - ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, ички аудитти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, ички аудитордун билим деңгээлин бышыктоочу документ.

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-4)
