Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулчу түшүнүктөр
Күчүндө · 26.05.2018 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 мая 2018 года № 55
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) Ички аудит - ички контроль системасынын анализин, баа берилишин, туура жүргүзүлүшүнө жана натыйжалуулугуна мониторингди; финансылык жана башкаруучулук маалыматтын ишеничтүүлүгүн жана тууралыгын; иштин жана башкаруунун акыбеттүүлүгүнө, үнөмдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна; активдердин сакталышына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына мониторингди өзүнө камтыган көз каранды эмес жана объективдүү функция.
2) Башкаруучулук маалымат - ички аудиттин объектисинин операциялык иштерине тиешелүү маалыматтар.
3) ички аудитор - ушул Мыйзамга ылайык ички аудитти жүргүзүүчү ички аудит кызматынын кызмат адамы;
4) Кызыкчылыктардын кагылышы - ички аудит тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ички аудит кызматтарынын, алардын кызматчыларынын объективдүүлүгүн жана көз карандысыздыгын чектөөчү иштер же мамилелер.
5) ички аудиттин объектилери - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, башка аткаруу бийлик органдары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук уюмдары, мамлекеттик ишканалар;
6) Ички аудит объектисинин жетекчиси - ички аудит объектисин жетектеген жана туура жана майнаптуу иштөөчү ички контроль системасынын уюштурулушу жана иштөөсү үчүн ички аудиттин адекваттуу иштешин ишке ашыруу жана камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички аудит боюнча отчеттуулукту пландоодо, жүргүзүүдө жана даярдоодо ички аудиторлордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу, жооптуу кызмат адамы.
7) Ички контроль системасы - ички аудит объектисинин жетекчилиги аудиттин объектисин майнаптуу, үнөмдүү жана натыйжалуу башкарууга жетишүү үчүн колдонуучу чаралардан жана жол-жоболордон турган система, ага бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, ченемдик укуктук актылардын, аудит объектисинин ички актыларынын сакталышы, активдердин сакталышын камсыздоо, мыйзамга каршы аракеттердин алдын алуу жана аныктоо, финансылык жана башкаруучулук отчеттордун жана маалыматтардын ишеничтүүлүгү, тууралыгы жана тактыгы, ошондой эле алардын даярдалышы кирет.
8) Ички аудит кызматы - ички аудит объектисинин жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын структуралык бөлүмү, ал ушул Мыйзамга ылайык ички аудити ишке ашырат.
9) Ички аудитордун квалификациялык сертификаты - ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, ички аудитти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, ички аудитордун билим деңгээлин бышыктоочу документ.
(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 26.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 февраля 2014 года № 29 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внутреннем аудите"Редакцияларды салыштыруу
26.05.2018 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бөлүмү, ал ушул Мыйзамга ылайык ички аудити ишке ашырат.
кошулду: 9) Ички аудитордун квалификациялык сертификаты - ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, ички аудитти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, ички аудитордун билим деңгээлин бышыктоочу документ.
(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № алынып салынды: 29 Мыйзамынын кошулду: 29, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202552/st-3" title="3-берене - Ички аудит жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>