# 2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү жана максаты

- Документ: [Ички аудит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202552)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январы № 25 "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2018
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 07.02.2014 [Закон КР от 7 февраля 2014 года № 29 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внутреннем аудите"](https://aqlex.ai/kg/doc/205250)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552#diff=1280594..1280595>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3954/edition/1280593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202552/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички аудит жөнүндө, 2-берене (26.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-2

---

1. Ушул Мыйзам өзүнүн аракетин министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге. администрациялык ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга, башка аткаруу бийлик органдарына, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын ведомстволук уюмдарына, мамлекеттик ишканаларга жайылтат.

Бул Мыйзамдын колдонулуусу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жайылтылбайт.

2. Бул Мыйзамдын максаты төмөнкүдөй:

1) мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудиттин принциптерин аныктоо;

2) мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ички аудит тармагындагы компетенцияларын аныктоо;

3) ички аудиттин стандарттарын жана методологиясын иштеп чыгуу боюнча жоопкерчиликти жана ыйгарым укуктарды аныктоо.

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-3)
