# 19-берене. Ички аудит кызматы бар аудит объектисинин жетекчисинин милдеттери

- Документ: [Ички аудит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202552)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январы № 25 "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3954/edition/1280593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202552/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички аудит жөнүндө, 19-берене (26.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-19

---

Ички аудит кызматы бар ички аудит объектисинин жетекчиси:

1) ички аудит кызматынын жылдык жана узак мөөнөттүк иш пландарын, текшерүүлөрдүн жана ички аудит кызматы үчүн окутуунун пландарын бекитет;

2) ички аудит боюнча отчеттордо камтылган рекомендацияларды ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алат;

3) ички аудит жүргүзүү жөнүндө жылдык отчетту карайт;

4) тийиштүү органдарга аныкталган мыйзамсыз иштер жөнүндө билдирет. Аныкталган мыйзамсыз иштер жөнүндө маалымат алган мамлекеттик органдар тийиштүү текшерүүлөр (тергөө, ревизия, экспертиза ж.б.у.с.) аяктагандан кийин зарыл чараларды көрүүгө жана жыйынтыгы жөнүндө ички аудит объектисинин жетекчисине билдирүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-20)
