# 18-берене. Кызыкчылыктардын кагылышы

- Документ: [Ички аудит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202552)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январы № 25 "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3954/edition/1280593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202552/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички аудит жөнүндө, 18-берене (26.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-18

---

1. Ички аудиторлор кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө тийиш. Ички аудит кызматынын кызматкерлерине төмөнкүдөй учурларда аудит жүргүзүүгө тыюу салынат:

1) объектинин аудит жүргүзүлүүчү бөлүгүндө жеке жана/же мүлктүк кызыкчылыгы барларга;

2) ички аудит объектисинин аудит жүргүзүлүүчү бөлүгүндө текшерүүгө алына турган мезгилде же акыркы он эки айда иштегендерге;

3) ички аудитордун тууралыгына жана калыстыгына таасир этүүчү, ички аудиттин стандарттарында белгиленген башка шарттар болсо.

2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болгон учурда ички аудит кызматынын кызматкерлери бул жөнүндө ички аудит кызматынын жетекчисине, же кызыкчылыктардын кагылышуусу ички аудит кызматынын жетекчисинин катышуусу менен болгон учурда ички аудит объектисинин жетекчисине билдирүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-19)
