# 15-берене. Ички аудит кызматынын жетекчиси

- Документ: [Ички аудит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202552)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январы № 25 "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2018
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2014 года № 29 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внутреннем аудите"](https://aqlex.ai/kg/doc/205250)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552#diff=1280593..1280594>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3954/edition/1280593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202552/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички аудит жөнүндө, 15-берене (26.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-15

---

Ички аудит кызматынын жетекчиси:

1) ички аудит кызматынын ишинин уюштурулушу жана ага тапшырылган милдеттердин аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик болот;

2) ички аудиттин бекитилген стандарттарына жана сунушталган методологиясына ылайык ички аудиттин жол-жоболорун аныктайт;

3) ички аудиттин сапатына мониторинг жүргүзөт;

4) ички аудит объектисинин жетекчисине ички контроль системасын баалоо менен кошо кызматтын иши жөнүндө жылдык отчет берет;

5) ички аудит объектисинин жетекчисине ички аудит объектисиндеги мыйзамсыз ишке байланышы бар аныкталган ар кандай фактылар жөнүндө маалымат берет;

6) ички жана тышкы баалоону кошкондо, сапатты камсыз кылуунун программасын иштеп чыгат жана ишке киргизет;

7) ар бир аудитордук тапшырманы аткаруу үчүн аудиттин максаттарын, камтылышын, мезгилдүүлүгүн жана ресурстарын аныктайт;

8) төмөндөгүлөргө укуксуз:

а) мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, иштин жүрүшүндө же ага байланыштуу белгилүү болгон маалыматтарды жарыя кылууга жана берүүгө;

б) аудит жүргүзүлгөн адамга зыян келтирүү максатында өзүнүн укуктарын пайдаланууга, ошондой эле өз ишин аткарган учурда ошол укуктары менен кыянатчылык жасоого.

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-16)
