15-берене. Ички аудит кызматынын жетекчиси
Күчүндө · 26.05.2018 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 февраля 2014 года № 29
Ички аудит кызматынын жетекчиси:
1) ички аудит кызматынын ишинин уюштурулушу жана ага тапшырылган милдеттердин аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик болот;
2) ички аудиттин бекитилген стандарттарына жана сунушталган методологиясына ылайык ички аудиттин жол-жоболорун аныктайт;
3) ички аудиттин сапатына мониторинг жүргүзөт;
4) ички аудит объектисинин жетекчисине ички контроль системасын баалоо менен кошо кызматтын иши жөнүндө жылдык отчет берет;
5) ички аудит объектисинин жетекчисине ички аудит объектисиндеги мыйзамсыз ишке байланышы бар аныкталган ар кандай фактылар жөнүндө маалымат берет;
6) ички жана тышкы баалоону кошкондо, сапатты камсыз кылуунун программасын иштеп чыгат жана ишке киргизет;
7) ар бир аудитордук тапшырманы аткаруу үчүн аудиттин максаттарын, камтылышын, мезгилдүүлүгүн жана ресурстарын аныктайт;
8) төмөндөгүлөргө укуксуз:
а) мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, иштин жүрүшүндө же ага байланыштуу белгилүү болгон маалыматтарды жарыя кылууга жана берүүгө;
б) аудит жүргүзүлгөн адамга зыян келтирүү максатында өзүнүн укуктарын пайдаланууга, ошондой эле өз ишин аткарган учурда ошол укуктары менен кыянатчылык жасоого.
(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 26.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Финансы министрлигинин 2016- жылдын 28-декабрындагы №212-Б “Ички аудиттин сапатын кепилдөө жана жогорулатуу программасын түзүү боюнча колдонмону бекитүү жɵнүндɵ” буйругуПриказ · 28.12.2016 · № 212-п
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 1-августундагы № 5-Б "Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасын түзүү боюнча колдонмону бекитүү…Приказ · 01.08.2024 · № 5-п
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202552/st-15" title="15-берене - Ички аудит жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>