# 14-берене. Ички аудит кызматынын негизги милдеттери жана укуктары

- Документ: [Ички аудит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202552)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январы № 25 "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2018
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2014 года № 29 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внутреннем аудите"](https://aqlex.ai/kg/doc/205250)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552#diff=1280593..1280594>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3954/edition/1280593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202552/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички аудит жөнүндө, 14-берене (26.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-14

---

1. Ички аудит кызматы төмөндөгүдөй негизги милдеттерге ээ:

1) ички аудит объектисинин жетекчисинин пикирин эске алуу менен тобокелдикти баалоонун негизинде ички аудит жүргүзүүнүн стратегиялык жана жылдык пландарын иштеп чыгуу;

2) ички аудит объектисинин жетекчиси үчүн жылдык пландарды аткаруунун мониторинги жөнүндө кварталдык отчетторду түзүү;

3) ички аудит объектисинин жетекчисинин алдында план боюнча аткарылган иштер жөнүндө жыл сайын отчет берүү;

4) ички контроль системасынын натыйжалуулугуна жана анын ички аудит объектисинин максаттарына ылайыктуулугуна баа берүү;

5) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук жана башка маалыматтардын тууралыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо;

6) ички аудит объектисинин структуралык бөлүктөрүнүн иштери ченемдик укуктук актыларга, көрсөтүлгөн функцияларга жана иштин бекитилген пландарына ылайыктыгын баалоо;

7) ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жана ресурстарды пайдалануу боюнча талаптарга шайкештикти, ресурстарды пайдаланууга жана коромжулуктардан сактанууга контролдун жетиштүүлүгүн баалоо;

8) аудиттин жыйынтыктары жөнүндө отчет берүү;

9) ички аудит объектисинин ишин жакшыртуу үчүн зарыл сунуштарды киргизүү;

10) ички аудит объектисинин ведомствого таандык уюмдарынын ички аудит кызматтарынын иштерин координациялоо;

11) ведомствого таандык уюмдардын ички аудит кызматтарына ички аудиттин стандарттарына жана сунушталчу методологияга ылайык консультациялык жана методологиялык жардамдарды берүү;

12) мамлекеттик же башка мыйзам менен корголуучу сырларга тиешелүү маалыматтарды ачыкка чыгарбоо.

2. Ички аудит кызматы жашыруун маалыматты кошкондо, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык алар үчүн белгиленген жетүү деңгээлине жараша бардык маалыматты жана уюмдарда турган электрондук түрдөгү жазылмаларды кошкондо, бардык жазылмаларды жана аудит жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды алууга укугу бар.

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-15)
