# 13-берене. Ички аудит кызматы

- Документ: [Ички аудит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202552)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январы № 25 "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2018
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2014 года № 29 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внутреннем аудите"](https://aqlex.ai/kg/doc/205250)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552#diff=1280593..1280594>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3954/edition/1280593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202552/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички аудит жөнүндө, 13-берене (26.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-13

---

1. Ички аудит кызматы ички аудит объектисинин жетекчисине отчет берет жана өзүнүн ишин пландоодо, ички аудит жүргүзүүдө жана отчетторду даярдоодо ички аудит объектисинин башка структуралык бөлүктөрүнө көз каранды болбоого тийиш.

2. Ички аудит кызматы ички аудит объектисинин ички контроль системасын түзүүгө консультациялык жардам берет жана өз ишинин стратегиялык, узак мөөнөттүк жана жылдык пландарын, анын ичинде ички аудиторлорду кесиптик окутуу пландарын иштеп чыгат.

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-14)
