# 10-берене. Ички аудиттин ишин координациялоо

- Документ: [Ички аудит жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202552)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январы № 25 "Ички аудит жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 25
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.05.2018
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 мая 2018 года № 55 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам неналоговых доходов, внутреннего аудита и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111788)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552#diff=1280595..1280596>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3954/edition/1280593/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202552/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ички аудит жөнүндө, 10-берене (26.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-10

---

Ички аудит тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) ички аудиторлордун Эл аралык институтунун стандарттарын эске алуу менен ички аудиттин стандарттарын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берет;

2) ички аудит кызматтары ички аудиттин стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзөт жана эки жылда бир жолу ички аудит кызматтарына баалоо жүргүзөт;

3) ички аудиттин сунушталчу методологиясын иштеп чыгат;

4) алардын табыштамасына ылайык аудит объектилеринен ички аудит кызматтарына консультациялык жардамды камсыздайт;

5) ички аудит кызматы жок болгон ички аудит объектилеринде ички аудит жүргүзүүнү камсыз кылат жана ички аудит жүргүзүү мөөнөтү боюнча Кеңеш менен макулдашат;

6) жыл сайын, 1-марттан кечиктирбестен, ички аудит кызматтарынын мурунку жылдагы иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет даярдайт жана берет;

7) ички аудиторлорду окутуу жана адистигин өнүктүрүү боюнча ишти координациялайт.

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ички аудиторлорду сертификаттоону жүргүзөт.

(КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202552/st-11)
