# 9-берене. Камсыздандыруу суммасынын өлчөмүн жана чыгымдардын нормативдеринин түрүн аныктоо

- Документ: [Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202550)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январындагы № 31 "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3952/edition/1075199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202550/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө, 9-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-9

---

1. Камсыздандыруу суммасынын өлчөмү өсүмдүк продукциясынын ар бир түрү боюнча өзүнчө чыгашаларды камсыздалуучу ишке ашыра турган бардык аянтка көбөйтүлгөн бир гектар жерге эсептелген чыгымдын нормативине ылайык ушул Мыйзамда аныкталган камсыздандыруу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлгөн келишимде белгиленет.

2. Камсыздандыруу суммасын эсептөө төмөндөгү түрлөрдүн бири боюнча чыгымдардын нормативинен жүргүзүлөт:

1) илимий негизделген агротехнология;

2) жөнөкөйлөтүлгөн агротехнология;

3) илимий негизделген же жөнөкөйлөтүлгөн агротехнологиянын чыгымдарынын беш түрү боюнча:

күйүүчү-майлоочу материалдар; үрөн; минералдык жер семирткичтер; сырттан келген механизациялаштырылган жумуштун кызмат акысын төлөө; жалданып иштегендерге эмгек акы.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-10)
