# 5-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциялары

- Документ: [Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202550)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январындагы № 31 "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 апреля 2016 года № 33 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об особенностях страхования в растениеводстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111312)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202550#diff=1075199..1075200>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3952/edition/1075199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202550/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө, 5-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) жыл сайын өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагында мамлекеттик программаны иштеп чыгат жана бекитет анын негизинде камсыздандырууга бюджеттик каражат каралат.

2) төмөнкүдөй келишимдердин типтүү формаларын бекитет:

өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу жөнүндө; камсыздандыруу взносунун жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ордун айрым толтуруунун тартиби жана шарттары жөнүндө;

3) камсыздандырууга тийиш болгон бир гектар эгилген жерге өсүмдүк продукцияларынын түрлөрүн өндүрүүгө кеткен чыгымдардын нормативин бекитет;

4) Республикалык айыл чарба камсыздандыруу фондусу жөнүндөгү жобону бекитет;

5) өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандырууну колдоо үчүн бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу тартибин жана агенттин кызматына төлөө өлчөмүн бекитет;

6) өсүмдүк өстүрүүчүлүк жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт;

7) жагымсыз табигый кубулуштарды аныктоонун критерийлерин жана мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле жагымсыз табигый кубулуштун болуп өткөн фактысын ырастаган маалымкаттын типтүү формасын бекитет;

8) жагымсыз табигый кубулуштун таасиринен жабыр тарткан себүү аянтынын өлчөмүн аныктоо боюнча комиссияларды түзүү жана алардын иштерин уюштуруу тартибин, жагымсыз табигый кубулуштун фактысы боюнча текшерүү актыларынын формасын бекитет.

(КР 2016-жылдын 2-апрелиндеги № 33 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-6)
