# 21-берене. Камсыздандыруу келишими

- Документ: [Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202550)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январындагы № 31 "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3952/edition/1075199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202550/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө, 21-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-21

---

1. Камсыздандыруу келишимин түзүү өсүмдүк продукцияларын өндүрүүчүлөр (камсыздалуучулар) жана камсыздандыруучулар үчүн ыктыярдуу болуп саналат.

2. Камсыздандыруу келишими календардык жылдын он айлык мөөнөтүнө кеминде эки нускада жазуу жүзүндө түзүлөт.

3. Өсүмдүк продукцияларынын түрлөрү боюнча камсыздандыруу келишимин түзүү мөөнөтү - айдап себүү бүткөндөн кийин он беш календардык күндөн кечиктирбестен.

4. Камсыздандыруу келишими колдонулушун төмөнкү учурларда токтотот:

1) келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөндө;

2) келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде орун алган бардык камсыздандыруу учурлары боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлгөндө.

5. Камсыздандыруу келишими Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген учурларда мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.

6. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишими боюнча пайда алуучу камсыздалуучу же пайдасына келишим түзүлгөн башка жак болуп саналат.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-22)
