# 16-берене. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун толтуруу жөнүндө талап коюунун тартиби

- Документ: [Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/202550)
- Толук аталышы: КР 2009-жылдын 26-январындагы № 31 "Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 31
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3952/edition/1075199/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202550/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө, 16-берене (28.07.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-16

---

1. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун толтуруу жөнүндө агентке камсыздандыруу төлөмдөрүн ишке ашыруу үчүн зарыл документтерди тиркөө менен камсыздандыруучу тарабынан жазуу жүзүндө арыз берүү менен талап коюлат.

2. Жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун толтуруу жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелүүгө тийиш:

- өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу келишиминин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмүн ырастоочу документтер (төлөм тапшырмасы - түп нускасы, камсыздандыруучунун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, камсыздалуучуга камсыздандыруу төлөмүн бергендиги жөнүндө чыгаша ордеринин дубликаты);

- соттун чечими боюнча камсыздандыруу төлөмүн жүргүзгөн учурда соттун күчүнө кирген чечиминин көчүрмөсү тиркелет;

- себилген аянттын айрым бөлүгү зыянга учураганда кирешени баалоо жөнүндө документтин камсыздандыруучу күбөлөндүргөн көчүрмөсү.

Ушул берененин 2-пунктунун 1-бөлүгүндө каралган документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга дал келбеши аныкталган учурда документтер кемчиликтерди четтетүү үчүн камсыздандыруучуга кайтарылып берилет. Мында жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бөлүгүнүн ордун камсыздандыруучуга толтуруп берүү мөөнөтү документтерди кайра алган күндөн тартып эсептелет, бирок жети жумушчу күнүнөн ашпоого тийиш.

3. Агент камсыздандыруучу ага атайылап жалган маалыматтарды билдирген жана (же) берген учурда камсыздандыруучуга жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмүнүн бөлүгүнүн ордун толтуруудан баш тартууга укуктуу.

4. Камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн аныктоонун тууралыгы үчүн жооптуу.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202550/st-17)
